Kyrgyz Children's Future

Кош Келиңиздер!

«Кыргыз Балдарынын Келечеги» – бул коомдук кайрымдуулук уюм. Уюм Түндүк Вирджиниянын IRS-501c3 макамына ээ. Бул интернет баракчанын максаты – Кыргызстандагы жетишпеген жашоодо жашаган балдардын абалын жакшыртууну каалаган адамдардын тобун түзүү.

Ошондой эле бул баракча Кыргызстандан бала асырап алган америкалык үй-бүлөлөргө кыргыз элинин маданияты, үрп-адаты  жана тили менен таанышканга жардам берет. Биз уюм катары сиздин балаңыздын  салт-санаасы, үрп-адаты менен бөлүшүү менен бирге, сиздин наристеңиздин өзүнүн Ата Мекени менен тыгыз байланышта болуп, жана ата бабалары калтырып кеткен  мурастарды  билип, алар менен сыймыктанып өсүшүнө жардам беребиз. Сиз Кыргызтандан бала асырап алуу менен бирге өзүңүздүн үй – бүлөңүзгө кыргыз маданиятын жана үрп-адатын билип алып, жашооңузга жаңы салт-санааларды кабыл алсаныз болот.

«Кыргыз Балдарынын Келечеги» баракчасына киргениңизге терең ыраазычылык билдиребиз.